АнтониндерРим императорлорунун династиясы (96-192); Антонин Пийдин ысымынан аталган. Антониндердин белгилүүлөрү: Нерва (96-98), Траян (98-117); Адриан (117-138), Антонин Пий (138-161), Марк Аврелий (161-180) жана Коммод (180-192). Антониндердин тушунда монархиялык бийлик биротоло чыңдалып, бюрократиялык аппарат түзүлгөн. Антониндердин башкарган убагы Рим империясынын гүлдөө учуру болгон. Бирок Адриандын тушунда кризистин белгилери пайда болуп, Марк Аврелий башкарган мезгилден тартып империянын кубаты начарлай баштаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1