Антон Борисович Носик (1966-жыл 4-июль, СССР, Москва - 2017-жыл 9-июль, Орусия, Москва облусу, Пирогово кыштагы) - орусиялык, израилдик стартап-менежер, журналист, коомдук ишмер жана таанымал блогер (Яндекстин 2017-жылдагы рейтинги боюнча Рунетте 10-орунда) Көптөгөн журналисттер жана интернет-ишмерлери аны "Рунеттин аталарынын" бири деп аташат. Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Носикке "орус интернетине чыйыр салып, өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон" - деп баа берген.

Vesti.ru, Lenta.ru, Gazeta.ru жана NEWSru.com. сыяктуу ири кабар жайылтуучу интернет басылмаларынын редактору болгон. Рамблер холдингинин жана SUP компаниясынын блог кызматынын мурдагы менежерлеринин бири (бул сыпатта LiveJournal кызматынын иштелип бүтүшүнө катышкан), "Помоги.org" кайрымдуулук фондунун уюштуруучусу. 2011-жылдын март айына чейин Bfm.ru сайтынын башкы редакторлук постун ээлеген. 2009-жылдын октябрь айынын ортосунан тарта "Объединенные медия" компаниясынын генералдык директорунун орун басары кызматына дайындалган. Бул кызматын Bfm.ru-нун шеф-редакторлугу менен айкалыштырган. Антон Носик 2011-2012-жылдары Life Journal кызматына ээлик кылган SUP Media компаниясынын медиадиректору болгон.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү