Антоциандар (гр. аnthos – гүл, kyanоs – көгүлтүр) - флавоноиддер тобундагы пигменттер. Алар гүл клеткасынын ширесинде, мөмөсүн, өсүмдүк жалбырактарында кездешип, аларды сыя көк, кызыл, көк жана алардын ар кандай айкалыштарындагы түстөргө боёшот. Пигменттин өңү рН чөйрөсүнө көз каранды, кычкыл чөйрөдө кызылдан, көккө чейин жана щелочтуу чөйрөдө сыя көккө өзгөрөт. Жогорку түзүлүштү өсүмдүктөрдүн бардыгында кездешет. Күзүндө жалбырактардын өңүнүн боёлуусун көрсөтөт. А-дын тукум куучулугун изилдөөлөрдүн негизинде биохимиялык генетикадагы негизги жоболордун бири болгон: “бир ген – бир фермент” – деген ойду бекемдөөгө мүмкүндүк берди.

Fagus sylvatica.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Калып:Bio-stub