Антропоген мезгили (системасы), төртүнчүлүк мезгили - жердин геологиялык өнүгүү тарыхынын бүгүнкү күнгө чейинки уланып жаткан эң акыркы мезгили; стратиграфиялык шкаланын эң акыркы системасы. Узактыгы 0,6 млн жылдан 3,5 млн жылга чейин деп эсептелет. 1823-жылы Бакленд бул мезгилди «дилювий» деп атаган. 1829-жылы француз окумуштуусу Ж. Денауайс төртүнчүлүк системасы деп бөлгөн. 1922-жылы орус геологу А. П. Павлов мезгилдин башталышында адам баласы пайда болгондугуна байланыштуу антропоген (грекче аntropos - адам, genos - пайда болуу) мезгили деп атоону сунуш кылган. Бирок кабыл алынган эл аралык стратиграфиялык схемасы түзүлө элек. Көбүнчө Антропоген мезгили байыркы (эо), ортоңку (мезо), кийинки (нео), плейстоцен жана голоцен деген 4 бөлүктөн турган (Q1, Q, Q, QIV) схемасы пайдаланылат. Антропоген мезгилинде жер бетинде суу күч алып, климат өзгөргөн, азыркыдан үч эсе көп муз каптоолор жүргөн. Анын таасиринен өсүмдүктөр менен жаныбарлар кыргынга учурап, суукка чыдамдуу мамонттор, жүндүү кериктер гана жашоосун уланткан. Бирок кийин алар да толугу менен жок болгон. Адам баласынын пайда болушу, өсүп-өнүгүү тарыхы Антропоген мезгили менен тыгыз байланышкан. Мезгил ичинде ири тектон. кыймылдар жүрүп, Евразиядагы альпы бүктөлүү аймагын, Тынч океандын жээктерин, Теңиртоо, Алтай, Саян тоолорун кучагына алган. Азыркы учурдагы жертитирөөлөр ошо кездеги тектон. кыймылдардын уландысы болуп эсептелет. Ал кездеги кургактыктар менен деңиздер азыркыга окшош келип материктерге континенттик чөкмөлөр (лёсс, алювий, пролювий, муз-көл чөкмөлөрү, эолдук кумдар жана башкалар) кеңири тараган. Топурак кыртышы пайда болгон. Саздардан чымкөң орун алган. Алтын, платина жана алмаздын чачынды кендери, курулуш материалдары топтолгон. Мезгилдин өз алдынча өзгөчө проблемалары жана изилдөө ыкмалары болгондуктан, төртүнчүлүк геологиясы деген илимий тармак келип чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1