Аншлюс (немисче anschlusB - бириктирүү) - Германиянын Австрияны аннексиялоосуна карата колдонулган термин. Австриялык немистер Германия империясына кирбестен, Австрия-Венгриянын курамында калышкан. 1934-жылы австриялык нацисттердин Австрияны «Үчүнчү Рейхке» бириктирүү аракети ишке ашпай калган. 1938-жылы февралда Гитлер австриялык канцлер Курт фон Шушнингди Берхтесгаденге чакырып, андан Австриянын министрлер кабинетинин курамына нацисттерди киргизүүнү талап кылган. Канцлердин Австриянын көзкаранды эместигин сактап калуу аракети колдоого ээ болбой, өлкөдө өткөрүлгөн плебисцит ийгиликсиз аяктаган. 1938-жылы 11-12-мартта фашисттик Германия Австрияны басып алган жана көпчүлүк австриялыктар аны колдошкон. Австриянын көз каранды эместиги 1946-жылы калыбына келтирилип, атайын мамлекеттик келишим боюнча аншлюска тыюу салынган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1