Аорта, толтоомурткалуулардын кан айлануу системасындагы негизги артерия; дененин бардык ткандар менен органдарын кан менен камсыз кылат. А-нын бети ийилчек болгондуктан артерия менен кандын тынымсыз жүрүшүн камсыз кылат. Канаттуулар менен сүт эмүүчүлөрдө А. жүрөктүн сол карынчасынан чыгат. Сойлоп жүрүүчүлөрдө А-нын 2 догосу – жүрөктүн сол карынчасынан чыккан оң артериялык жана оң карынчасынан сол, веноздук А. Эки дого биригип (кошулуп) жалпы А-ны пайда кылат, анда аралашма кан жүрөт. Амфибияларда жүрөктүн бир карынчасынан чыккан, жыйырылууга жөндөмдүү артериалык конусунан бир жуп А-лык доголор биригип жон же арка А-ны пайда кылат. Балыктар жана тегерек ооздууларда жүрөктүн карынчасы курсак аортага өтөт, анда веноздук кан жүрөт. Ал бакалоорлорго (балыктар) жана бакалоор баштыкчаларга (тегерек ооздуулар) барып кычкылданып жон аортага чогулат. Омурткасыздарда (моллюскалар, муунак буттуулар) А. деп согуп туручу борбордук орган - жүрөктөн кеткен ири кан тамырларды аташат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү