Апараксия — так кыймыл-аракет жасай албоо. Мында оорулуу айрым кыймылдарды жасай алганы менен максатына жете албайт. Мисалы, колун көтөргөнү менен баш кийимин кийе албайт.
Апараксия идеялык, мотордук, конструктивдик болуп бөлүнөт.
Идеялык апараксияда оорулуу өзүнчө кыймыл жасай албайт, бирөө көрсөткөн кыймылды туурайт.
Мотордук апарпкксияда татаал кыймыл-аракетти аткаруу үчүн зарыл кыймылдарды ырааттуу аткара албайт.
Конструктивдик апараксияда буюмду анын бөлүктөрүнөн кайра кураштыра албайт. Оору мээнин чоң жарым шарынын кыртышы жабыркоодон пайда болот. Дарылоону анын себебин таап, врач жүргүзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8