Башбаракты ачуу
Апатит (Канада‎).

Апатит (грекче apate - алдаймын) - кальцийдин фосфор-кычкыл туз тобундагы минерал. Химиялык формуласы Са5 (F, Cl) [PO4]3 Гексагон сингониясында кристаллданат. Апатит көгүш, жашыл, кызыл жана башка түстөрдө болот. Айнектей жалтырап, майланышкансып турат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5. Азот, туз, күкүрт кислоталарында ээрийт. Курамына жараша фторапатит, хлорапатит жана башкага бөлүнөт. Фторапатитте 42,3 %, хлорапатитте 41,1 % фосфор ангидриди (Р205) болот. Апатит негизинен магмалык (нефелиндүү спенит, гранит, пегматит), ар кандай метаморфизм жана фосфориттүү чөкмө тоотектердин курамында, карбонатиттерде, кээ бир темир кенташтарында кезигет. Фосфор жер семирткичтери негизинен Апатиттен фосфориттен алынат. Металлургияда, карапа, тунук эмес айнектерди даярдоодо да кеңири колдонулат. Апатиттин ири кендери Кола жарым аралынан (Хибин) табылган. Кыргызстанда Кызыломпол, Сандык тоолорундагы спенпттердин курамында бар. Чет өлкөлөрдө Швецпяда (Кирунавара), Алжирде жана Мароккодо белгилүү.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1