Апачи, апаче (өздөрүн дине, нде, тинде деп аташат) - АКШнын түштүк-батышындагы индей - атапаска элдеринин тобу. Жалпы саны 188 миң, анын ичинде «таза кандуу» Апачилер 57 миң адам (2000). Апачи атабаск тилинде сүйлөшөт, англис жана испан тили да кеңири колдонулат. Дини христианчылык, ошондой эле шаманизмди туткандар, баптисттер жана башка бар. Апачилер 9 топко бөлүнөт: навахо, батыш Апачилер (Сан-Карлос резервациясында - 9,9 миң), Форт- Апачилер (Аризона штатында 12,4 миң), Камп-верде (700), Пейсон (133), Липан (Мескалеро резервациясында - 50), кайова - Апачи. (Оклахома штатында - 407), чирикахуа (Нью-Мексико штатында - 1,1 миң, Оклахома штатында - 237), мескалеро (Мескалеро резервациясында - 5,5 миң), хикарилья (хикарилла, икарийа; Нью-Мексико штатынын Хикарилья – Апачи резервациясында - 3,1 миң). Апачилердин 14-15-кылымда АКШнын түштүк-батышына жана Мексиканын түндүгүнө миграцияланышы, алардын этностук өзгөрүшүнө алып келген. Апачилер аңчылык (кийинчерээк европалыктардын таасири менен атчан аңчылык кеңири жайылган), жер-жемиш жыйноочулук, дыйканчылык менен кесиптенишип, алачык жана бадал жыгачтарынан салынган жупуну үйлөрдө жашашкан. Апачилер 1886-жылга чейин испандык (1540), мексикалык жана америкалык (1845) колониялаштырууга каршы туруктуулук менен күрөшүп келишкен. 1850-жылы Апачилерди резервацияларга көчүрүү башталган. Азыркы мезгилде чарбачылыктын жаңы тармактары: мал чарбачылык, фермердик, токой иштетүүчүлүк жана башка өнүгүп жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1