Апертура (латынча apertus - ачык) - 1) оптикада — оптикалык системанын линза, күзгү жана диафрагмалардын өлчөмдөрү менен аныкталуучу жарык өтүүчү көзөнөгү. Бурчтук апертура - системага кирген конустук жарык тобунун четки шоолаларынын ортосундагы a бурчу. Апертура сан жагынан А=п0т(а/2), мында n-чөйрөнүн сынуу көрсөткүчү. Сүрөттөлүштүн жарыктанышы апертуранын сандык маанисинин квадратына түз пропорциялаш. Оптикалык системанын ажыратуу жөндөмдүүлүгү да апертурага пропорциялаш. 2) Антенналуу техникада - татаал антенналардын беттеринин нурланууну чагылдыргычы же кабылдагычы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1