Апиа - Самоа Батыш мамлекетинин борбору жана жалгыз шаары. Тынч океандагы Уполу аралынын түндүк жээгинде жайгашкан. Өлкөнүн тышкы соода порту. Калкы 40,4 миң (2005). Тынч океанды кесип өткөн деңиз жолдор тоому. Кемелер токтоочу жай. Эл аралык аэропорту бар. Европалыктар келгенге чейин (1830) кичинекей кыштак болгон. Порт негизделгенден баштап тез темп менен өнүгө баштаган. Германиянын ээлиги мезгилинде административдик борбор (1899), көз карандысыздыкка ээ болгондон (1962) борбор. 1890-жылдан 1894-жылга чейин шотландиялык жазуучу Р. Л. Стивенсон (В айлимада жазуучунун күмбөзү, үй-музейи бар) жашаган. Улуттук университет (1984жылдан), Түштүк-Тынч океан университетинин (1977) карамагында айыл чарба мектеби бар, автомобиль кураштыруу заводу иштейт. Сыртка копра, банан, какао чыгарат.

Апиа.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1