(грекче ἀπολογία (арol ogetilos) –коргоочу) – тарсачылык жаңы калыптанып келе жаткан мезгилдерде тарса дини менен тарсачылардын ишенимдерин коргоого жана актоого умтулган философтор. Алардын ишмердүүлүгү тарсачылык тарабынан жападан-жалгыз укук ченемдүү философтор катары таанылышкан апологеттердин кылымы деп аталган 2-кылымга туура келет. Апологеттер тарсачылыкты бутпарас диндеринен, иудаизмден жана Рим империясынын мамлекеттик бийлигинин өкүлдөрүнөн коргоого аракет кылышкан. Апологеттер философ болгон эмес, алардын чыгармаларында философиялык идеялар салыштырмалуу аз жана өтө эле тайкы. Алар биринчи кезекте публицист жазуучу (лат. publ icus – коомдук; коомдук турмуштагы өтө актуалдуу проблемаларды курч чагылдарган жазуучу), юрист жана чечендик өнөрүнүн устаты катары даңкталышкан. Апологеттер Евангелийдин негизинде философиялык маселелерди чечүүгө далалаттанышкан. Алар грек философиясын тарсачылыктын кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылган алгачкы ойчулдар болушкан. Апологеттер грек тилдүү жана латын тилдүү болуп бөлүнүшөт. Грек тилдүү апологеттерге Юстин менен Татианды киргизүүгө болот. Латын тилдүү апологет катары тарсачылыктын коргоочусу гана эмес, оригиналдуу диний ойчул болуп эсептелген атактуу юрист Термуллиан даңкталган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү