Апомиксис (ano... жана грекче mixis - аралашуу) өсүмдүктөрдүн жыныссыз көбөйүүсү. «Апомиксис» терминин немец генетиги Г. Винклер киргизген. Партеногенез, гиногенез, андрогенез жолу менен кээде гана жыныстык көбөйүүчү жаныбарларда да (көпчүлүк жаргак канаттуулар, коңуздар, кээ бир кескелдириктер, балыктар жана башка) да кезигет. Гүлдүү өсүмдүктөрдүн 80 тукуму, 300 уруусу апомиксис жолу менен көбөйөт. Мисалы, дан өсүмдүктөрү, цитрустар, роза гүлдүүлөр, ошондой эле папоротниктер жана башка татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө көп кезигет. Кээ бир өсүмдүктө (каакым, жылган, тогуз-төбөл жана башка) апомиксис дайыма, башкаларында (пияз, тамеки жана башка) чанда болот. Апомиксисте түйүлдүк зиготадан эмес уруктанбаган жумуртка клеткасынан (партеногенез же апизоотия) же татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө түйүлдүк кабынын клеткасынан жана уруктун сома клеткасынан пайда болот. Апомиксис тукум куума, кээде тукум куубай эле кокустан болушу да мүмкүн. Көпчүлүк апомиксистик түрлөрдүн популяциясында жыныстык формалары да болот. Ар бир түрдүн урук пайда кылуусунда амфимиксис менен апомиксистин конкреттүү катышы генетикалык жактан жана чөйрө факторлору менен жөнгө салынып турат. Генетикалык жактан көп түрдүү тукум табигый жана жасалма тандоого материал берүүчү амфимиксистен айырмаланып, апомиксис көбүнчө хромосома саны жана генетикалык конституциясы эне организмге окшош клон берет. Мындай организмдер анча өзгөрбөйт жана табигый тандалууга материал аз болот. Апомиксистин генетикалык өзгөчөлүктөрү дан өсүмдүктөрүнүн, картошканын жана башканын гомозигаталуу формасын алууда, цитрус өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатууда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү