Апорт - алманын кеч бышуучу эң байыркы сорту. Мөмөсү өтө чоң, салмагы 200-400 г, кээ бири 800 г, даамы кычкыл таттуу. Ал кышка чыдамдуу, ар бир дарактан 200-400 кг түшүм алынат. Мөмөсүнөн как жана повидло жасалат. Россия, Казакстан, Украинада өстүрүлөт. Кыргызстанда Ысык-Көл, Чүй өрөөндөрүндө Александр, Кызыл апорт кеңири таралган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү