Апостериори жана априори

Апостериори жана априори (лат. a posteriori – кийинкиден, a priori – мурункудан) – философиялык түшүнүктөр; апостериори-тажрыйбадан алынуучу билимдер, априори – тажрыйбадан мурунку, андан көз каранды болбогон билимдер. Апостериори жана априорини карама-каршы коюу Жаңы мезгилдеги рационалдуулугунда ыраттуу туюнтулган, ал тажрыйбадан жол менен алынган кокустук акыйкаттан олуттуу айырмаланган эң жалпы жана зарыл акыйкаттан келип чыккан. Рационалистерден кийин Кант окуусунун эң жалпы жана зарыл акыйкаттардын болушунун булагын априордуулук экендигин моюнга алган сезимдин формалары-мейкиндик, убакыт да ага жатат. Канттын пикирине ылайык, билимдердин формасы, уюштурулуу жолу гана априордук болуп саналат, мындай априордук форма илимий билимдерге жалпы жана зарыл мүнөздөрдү берүүчү апостериордук мазмун менен толукталат. Неокантианчылыктын, прагматизмдин жана конвенциализмдин негизинде 20- кылымдагы философияда жана илимдин методологиясында априордуктун жоболор-илимдердин баштапкы постулаттары, түпкү жоболору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү