Апостолдук бир туугандар

Апостолдук бир туугандар, апостоликтер - 13-кылымдын экинчи жарымы - 14-кылымдын башында Түндүк Италияда уюшулган дыйкан - плевейлердин христиандык сектасы. Кол өнөрчү Сегарелли тарабынан Парме шаарында 1260-жылы негизделген. Анын жактоочулары жер ээлөөчүлөрдүн кысымына жана католик чиркөөсүнө каршы күрөшүп, менчик мүлктөн баш тартууга жана теңчиликке үгүттөшкөн. 1277-жылы Лиондогу собордо католиктик чиркөө тарабынан секта еретикалык (динге каршы) деп айыпталып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Сектанын негиздөөчүсү Сегарелли 1300-жылы Пармеде отко өрттөлгөн. Анын мураскору Дольчино 1304-жылы Италиянын бир катар шаарларында дыйкандар жана плебейлердин антифеодалдык көтөрүлүшүн уюштурган. Ал 1307-жылы басылып, башчысы өлтүрүлгөн. Апостолдук бир туугандар Италия, Франция, Испания жана Германияда өз идеяларын 15-кылымга чейин үгүттөөнү улантышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү