Апохромат – сфералык аберрациясы менен сферохроматикалык аберрациясы жакшыртылып оңдолгон, ал эми калдыктуу хроматикалык аберрациясы ахроматтыкынан аз оптикалык система.

Бул азаюу айнектин атайын сортун, айрым кристаллдарды (мис., флюорит) пайдалануу м-н, о. эле оптикалык системага күзгү кошуу менен жетишилет. Хроматикалык аберрацияны азайтуунун жакшы ыкмаларынын бири, бул дисперсиялары боюнча олуттуу айырмасы (n2–n1) бар кош оптикалык материалдарды колдонуу. Мындай касиетке ээ болгон кош материалдардын мисалы: флюорит (CаF2) жана «өзгөчө флинт» группасындагы айнектердин бири. Линзалуу жана күзгүлүү-линзалуу Апохроматтын түрдүү конструкциялары астрономиялык, микроскопиялык жана фотографиялык объектив катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү