Араб адабияты - араб элдеринин, араб тилин эне тилибиз деп эсептеген калктын адабпяты. Араб адабиятынын башаты алгачкы уруулардын оозеки көркөм чыгармаларынын негизинде түзүлгөн. Халифат заманында (7-9-кылым) маданий-тарыхый орток тил бирдиги катары араб-мусулман мадтын калыптандыргандыктан, анын маанилүү бир бөлүгү болуп эсептелген. Аны 4 мезгилге: 1) классикалык (6-14-кылым); 2) 15-18-кылымдагы; 3) жаңы (19-20-кылым); 4) 20-кылымдагы араб адабияты деп бөлүп кароого болот. Классикалык араб адабиятынын негизин жарым көчмөн малчылар менен дыйкандардын турмушун чагылдырган эмгек, бешик, көч жана башка мазмундагы элдик оозеки поэзия түзгөн. Душманга ызырынуу, жекирүү (хиджа), мактоо (фахр), өч алуу ыры (сар), кошок же элегия (риса), ошондой эле сүйүү жана пейзаж лирикасы алгачкы пайда болгон жанрлардан. Арабдардын туңгуч акыны Имру-л-Кайс (500-540) «акындар атасы» деп эсептелген. Аны менен катар Тарафа (543-569), ал-Харсис ибн Халлиза (туулган жылы белгисиз - 570), Зухайр ибн Аби Сулма (530-627), Антара ибн Шадлат ал-Абси (525-615) сыяктуу бир катар акындар араб адабиятынын тарыхында өзгөчө роль ойногон. Араб жазма адабиятынын алгачкы туундусу - касиеттүү Куран китеби болгон. Ал Мухамеддин диний үгүтү, диний мазмундагы аңгемелер, ислам общинасынын жана мамлекетинин мыйзам жоболорунан турган. Курандын таасири кийинки араб адабиятынын бардыгында кездешет. Мухаммед жана анын тарапкерлери өз идеяларына анча кызмат кыла бербегендиктен, поэзияга Хагб ибн Зуайр (туулган жылы белгисиз - 662), Хасан ибн Сабит (туулган жылы белгисиз - 674), Абу Зуайб ал-Бига ал-Жади (туулган жылы белгисиз - 699) сыяктуу белгилүү акындар каршы чыгышкан. Араб поэзиясынын идеялык мазмуну жаңы ишеним - ислам дининин таасири менен өзгөрүүгө дуушар болгон. Омейяддардын сарайындагы көрүнүктүү акындар аль-Ахталь (640-710), ал-Жагир, ал-Фараздак (641-732), Жарир (653-733) жана башка Халифатта араб эстеликтерин үйрөнүү колго алынган. Тил, стиль жана метриканын теориясы иштелип чыгып, байыркы чыгармалар араб тилдерине которула баштаган. Ошол кездерде араб поэзиясында «жаңы стилде» жазылган (бадит), тематикалык жактан бышкан кыска көркөм ырлардын жаралышы менен көлөмдүү касыдалар да жаралган. Бул жаңы стилди баштоочулардын бири -акын жана ойчул Башшар ибн Бурд (714-783). Араб сөз өнөрүндөгү жаңылыкты «акындар падышасы» Абу Нувас (762-815) өнүктүргөн. Классикалык араб адабияты ушул мезгилде толук калыптанган. 8-9-кылымда кара сөз чеберлери фольклорду жазып алып, куранды үйрөнүшүп, сирия, пехлеви жана грек тилдеринен которушуп, араб прозасынын баркын көтөрүшкөн. Ошол кезде легендалар, саякат, окуялар жөнүндө жазылган тарыхый чыгармалар жарала баштаган. Араб халифаты ыдырап, бир нече мамлекеттерге бөлүнгөн кезде Египеттин, Сириянын, Ливандын, Ирактын, Ирандын жана башка мамлекеттердин улуттук адабияты катары 10-кылымда Халаб шаары негизги адабий борборлордун бири болуп калган. Халифаттын ыдыроо доорунда өмүр сүргөн улуу акын Абу ат-Тайиб аль-Мутанабби (915-965) поэзиянын бардык жанрында классик акын катары таанылган. Иранда этностук жанрдагы адабият (Фирдоуси жана башка) пайда болгон. 11-кылымда араб адабияты төмөндөй баштап, поэзияда мистика, прозада дидактика өкүм сүргөн. 15-18-кылымда араб адабиятында дастан жанры алдыңкы орунга чыккан. Ошол кезде жазылган «Антаранын эрдик иштери» романы, «Миң бир түн» чыгармасы дүйнө элдерине кеңири тараган. Египетте бул кезде адабият жана прозалык жанрлардын алдыңкы катарга чыгуусуна тарыхый романдардын жазылышы түрткү болгон. Йемен, Тунис, Марокко элдеринде эски салттарды сактоо менен жеке улуттук адабият катары аренага чыккан. Ири феодалдардын маданий жана эстететикалык табитин канааттандыруучу жазма адабият төмөндөгөндөн кийин, оозеки - поэтикалык чыгармачылык күч алган. Схоластикадан жана көнүмүш эрежеден чыгалбаган 1618-кылымдагы араб адабияты анчалык бийикке көтөрүлө албаса да, эскинин эстеликтерин ушул күнгө чейин сактап калган кол жазмалары менен маанилүү. Жаңы араб адабияты 19-кылымдын башы 20-кылымда Мисир, Ливан, Алжир жана башка араб элдеринде улуттук адабият катары өнүктү. Жаңы багыттагы прозалык жанрлар, «ислам модернизми» агымы пайда болду. Мисалы, ыр түрүндөгү роман (М. Мувайлихи), романтикалык роман (А. Рейхани) жана башка жанрлар буга күбө. Орток каада-салты бар араб элдеринин улуттук адабияты азыркы араб адабиятын түптөдү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү