Араван-Сай, өзөн
Араван-Сай суусу– Ноокат жана Араван аймактары аркылуу аккан суу. Узундугу 102 км, алабынын аянты 1960 км2. Кичи Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталат.
Араван-Сай
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 102 км |
бассейндин аянты | 1 960 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Башталышында Гезарт, ортоңку агымында Чили-Сай, Кыргыз-Ата аталат. Шаарихан-Сай каналына куят.
Жогорку агымында шар аккан тоо суусу, Ноокат өрөөнүнөн чыккандан кийин (Жаңы-Ноокат кыштагы тушта) шиленди-конусту пайда кылып, суунун бир тобу жерге сиңип кетет, бул жерден айрым каналдар башталат.
Ноокат ойдуңунда Кыргыз-Ата жана Косчан кошулгандан кийин Карачатыр тоосун кесип өтүп Фергана өрөөнүнөн чыкканда каналдарга бөлүнүп кетет.
Ири куймалары: Кыргыз-Ата, Косчан, Агарт, Ак-Дөбө.
Жылдык орточо чыгымы 10,4 м3/сек. Эң чоң чыгымы июнь – июлда, азы март – апрелде байкалат. Майда кире баштап, октябрда тартылат.
Боюнда Жаңы-Ноокат, Тельман, Косчан, Беш-Мырза, Араван кыштагы жайгашкан. Сугатка пайдаланылат.
Адабият
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2