Аракет (механика) - системанын динамикасын толук аныктоочу физикалык чоңдук. Механикада аракет системанын абалын мүнөздөгөн өзгөрмө чоңдуктардын функциясы катары аныкталат. Система аракетинин негизги касиети анын эки абалынын арасындагы системанын мүмкүн болгон кыймылынын кээ бир жыйнагы каралса, анда системанын чыныгы кыймылы мүмкүн болгон кыймылдан айырмаланат. Бул механика системанын кыймылынын теңдемесин туюнтууга жана бул кыймылды үйрөнүүгө мүмкүндүк берет. Аракет түшүнүгү классикалык механикадан тышкары серпилгичтүүлүк теориясында, электр-динамикада, термодинамикалык кайтарылма процесстерде, кийинки учурда теориялык физиканын талаа теориясын түзүүдө физикалык чоңдук катары колдонулат. Ал эми динамикалык теңдемелер болсо механиканын вариациялык принцибинен чыгарылат. Квант теориясында аракеттин өлчөмдүүлүгү бар физикалык чоңдуктар дискреттүү маанилерди гана алышы мүмкүн. Квант теориясында системанын абалы гильберт мейкиндигинин векторлору менен берилет, ал эми динамикалык өзгөрмөлөр катары операторлор колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү