Арала (лат. Orchis) – аралалар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көп жылдык чөп. Тамыр сабактуу, кээде түймөктүү. Сабагы түз, 15-60 смге жетет, түксүз. Жалбырагы кезектешип жайгашкан, жээги тегиз, ланцеттей, ичке сүйрү, үстүңкү бети темгилдүү. Гүлдөрү кочкул көгүш кызыл, жыш орношуп уз. 3-9 см болгон машакчадай же цилиндрдей топ гүлгө чогулган. Желекчелери туура эмес түзүлүштүү, эки эриндүү. 6 аталыгынын бирөө, кээде экөө гана өөрчүйт. Төмөнкү мөмөлүктүү энелиги бирөө. Уругу майда, белоксуз, сырты тунук торчолуу.

Orchis italica.

Кыргызстанда А-нын 3 түрү бөксөдөн бийик тоодогу сазда, суу, булак боюнда, ным өтө жетиштүү жерде өсөт. КыргызстанКыргызстанда А-лар тукумунун бардыгы болуп 7 уруунун 11 түрү кездешет. Алар кооз, гүлзарда өстүрүүгө болот. Эл арасында А-нын чөбүн бетке күлгүн кызыл түс берүүчү боёк катары колдонулган. Айрым элде ымыркай баланын этине ысык чыкканда дары катары пайдаланышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү