Аралашма абал
Аралашма абал - квант-механикалык системанын таза абалдан айырмаланып толкун функциясы менен сүрөттөлүп жазылбаган абалы.
Аралашма абалда системанын абалын белгилеген физикалык чоңдуктардын бардыгы толук берилбестен, φ1, φ2, … толкун функциялары менен сүрөттөлүп жазылуучу түрдүү кванттык абалда болуу ыктымалдыгы ω1, ω2, ...м-н гана аныкталат. Аралашма абалга мисал: поляризацияланбаган бөлүкчөлөр тобу, термостаттагы газ. Аралашма абал түшүнүгү квант статистикасындагы ченөө теориясында чоң мааниге ээ.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0