Аралаш эгүү — бир эле аянтка өсүмдүктүн эки же андан көп түрүн өстүрүү. Эгилүүчү өсүмдүктөр жана аларды өстүрүү ыгы туура тандалса, жөнөкөй эккенге караганда түшүм арбын алынат. Мындай эгүү көп жылдык жана бир жылдык өсүмдүктөрдө көп колдонулат, мисалы, бедени жүгөрү, сулу, арпа менен же бир жылдык өсүмдүктөрдү, мисалы, кара буудайды, жер буурчак, буурчак менен, арпаны жер буурчак, буурчак менен эгүү. Бул өсүмдүктөрдү эгүү мөөнөтү алардын өзгөчөлүгүнө жараша ар түрдүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү