Аралаш экономика - экономиканын мамлекеттик, кооперативдик жана жеке менчик максатка негизделген чарба жүргүзүү системасы. Дүйнөдө аралаш экономиканын бир нече түрү калыптанган: 1) өнөр жайы өнүккөн АКШ, Улуу Британия, Германия, Япония, Франция сыяктуу мамлекеттер индустриялуу аралаш экономикага өтүүдө; 2) Чыгыш Европа жана башка өлкөлөрү мамлекеттик коомдук түзүлүштөн социалдык аралаш коомго айланууда; 3) Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө жаңы индустриялык аралаш экономиканын өнүгүү процесси жүрүүдө жана алардагы капитал наркында мамлекеттик контролдун ийкемдүү формалары, өнөр жай жана анын тармактары өсүп-өнүгүүдө; 4) Латын Америка өлкөлөрүндө менчиктештирүүнүн темпине карабастан мамлекеттик экономикага аралашуу, макротурукташтыруунун пайдалуулугун өнүктүрүп, активдүү социалдык саясат жүргүзүү үстөмдүк кылууда. Өнүккөн өлкөлөрдө көп максаттуу аралаш экономика басымдуулук кылат жана анда жеке, мамлекеттик менчик менен катар муниципалдык, кооперативдик жана башка менчик түрлөрү да өнүккөн. Аталган аралаш экономика түрлөрүн ишке ашырууда аймактык, улуттук жана жергиликтүү шарттарды, элдин ар түрдүү социалдык топторунун мүмкүнчүлүктөрүн жана мүдөөлөрүн эске алуу маанилүү. Кыргызстанда капиталы бириккен ишканалар, акционердик коомдор бар. Алар чет элдик жана мамлекеттер аралык менчик түрлөрүндө өнүгүүдө. Аралаш экономиканын максаты - өндүрүш менен байланышта, илимий-техникалык, инвестициялык жана сервистик тармактарда дүйнөлүк коомдоштук курамына кирүү. Алардагы менчик ээлери өзү иштеп жаткан мамлекеттин мыйзамдарына жана нормативдик актыларына ылайык иш жүргүзүшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү