Арамей жазуусу - биздин заманга чейинки 9-кылымда семит урууларынын бири - арамейлер чыгарган алфавиттик жазуу. Финикия жазуусунун негизинде пайда болуп, үнсүз тыбыштар гана берилген. Арамей жазуусу 8-кылымдын аяк ченинен баштап Ассирияда кеңири колдонулган, 6-4-кылымда Кичи Азиядан Индияга чейин тараган. Байыркы эстеликтери биздин заманга чейинки 9-8кылымга таандык. Арамей жазуусунан сирия, несториан, еврей, араб, пехлеви, байыркы уйгур, байыркы монгол жана башка жазуулары келип чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү