Аранжирлештирүү
Аранжирлештирүү (французча arranger - жайгаштыруу, тартипке салуу) - 1) бир аспап үчүн жазылган музыкалык чыгарманы башка аспапта аткарууга ылайыкташтыруу; 2) музыкалык чыгарманы жөнөкөйлөтүп ошол эле аспап үчүн жазуу; 3) эстрадалык музыкада - жаңы, белгилүү обонду үндөштүрүү жана аспапташтыруу. Мисалы, К. Орозовдун «Ибарат» күүсүнүн эл аспаптар оркестрине салынышы.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1