Арап жазы
Арап жазы - 2010-ж. жазында башталган Түндүк Африкада жайгашкан арап мамлекеттериндеги авторитардык жана тоталитардык саясий режимдерге каршы элдик толкундоолор.
Хронологиялык жактан Арап жазы 2010-ж. окт. Батыш Сахарада, бирок факты боюнча 2010-ж. 18-дек. Тунисте полициялык коррупцияга жана ырайымсыз мамиле кылууга карты белги катары Мохаммед Буазизанын өзүн-өзү өрттөөсү менен башталган. Тунис, Мисир(Египет) жана Йеменде болгон төңкөрүштөр; Ливия жана Сириядагы жарандык согуштар; Бахрейндеги элдик көтөрүлүүлөр; Алжир, Ирак, Иордания, Марокко жана Оманда болгон массалык каршылыктар; Кувейт, Ливан, Мавритания, Сауд Арабыя, Судан, Джибути жана Батыш Сахарадагы маанилүү каршылыктар, 2011-ж. май айында Асрайылдын(израиль) чек арасындагы кагылышуулар да Арап жазынын таасири менен болгон десе туура болот. Протесттердин жүрүшүндө жарандык каршылык көрсөтүүнүн төмөнкүдөй ыкмалары колдонулган: иш таштоо, демонстрация өткөрүү, митингдер менен жүрүштөрдү уюштуруу ж.б. Интернет аркылуу социалдык тармактарды колдонуу да кеңири пайдаланылган. Эң массалык демонстрациялар бир нече ирет «жин күнүндө» - жума күнкү жарым күндүк сыйынуудан кийин болуп турган. Көпчүлүк демонстрациялар бийликтин зордук-зомбулук көрсөтүү, куралдуу күч колдонуу, куугунтуктоого алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерине туш болгон. Арап дүйнөсүндөгү көтөрүлүшчүлөр - «Эл режимдин кулашын каалайт» деген ураан менен чыгышкан.
Арап жазы деп аталып калышы 1848-1849-жж. Европадагы революциялардын мезгилин атаган - «Элдин Жазы» айтылышы менен айкалышкан.
Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы протесттердин жана демонстрациялардын төмөнкүдөй аталыштары да белгилүү: «Арап жазы жана кышы», «Арап жандануусу», «Панараптык революция» жана «Арап көтөрүлүшү». Бирок катышуучулардын бардыгы эле өздөрүн арап деп эсептешкен эмес. 2012-ж. май айында революциялар 4 мамлекет башчысын кулатууга алып келген. Тунистин президенти Зин эль-Абидин Бен Али Тунистеги революциядан кийин 14-январда Сауд Арабыясына качкан.
Мисирдин президенти Хосни Мубарак 2011-ж. 11-февралда 18 күндүк массалык протесттерден кийин өзүнүн 30 жылга созулган президенттик кызматынан кетүү арызын жазган.42 жыл бийликте турган Ливиянын диктатору Муаммар Каддафи 2011-ж. 23-августта кулатылып, 20-октябрда өзү туулган шаар Сиртте көтөрүлүшчүлөр тарабынан өлтүрүлгөн. Йемендин президенти Али Абдалла Салех 2012-ж. 27-февралда кызматтан кетүүгө мажбур болуп, бийликти жаңы президентке аргасыздан өткөрүп берген. Кыргызстандагы 2005-жана 2010-жж. революциялар жана алардын жүрүшүндө диктаторлук бийликке умтулушкан коррупционер президенттердин өз өлкөсүнөн качышы Арап жазына түздөн-түз таасирин тийгизген деген пикир дүйнөлүк коомчулукта байма-бай айтылып келүүдө.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАдам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8