Ара-Бел-Суу мөңгүсү
Ара-Бел-Суу мөңгүсү – Тескей Ала-Тоонун түштүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,5 км, аянты 3,5 км2. Чоң Нарын суусунун курамы Тарагайдын алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 4530 м, этеги 3990 м бийиктикте жатат. Мөңгүдөн башталган суу Арабел-Суу суусунун алабындагы эки көлдү толуктап турат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |