Ара-бел ашуусу - Тескей Ала-Тоонун жана Жетим-Бел кырка тоосунун кошулган жеринде. Бийиктиги 3822 м. Айланасындагы мөңгүлүү чокулардын бийиктиги 4000-4500 мге жетет. Ашуу байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон. Ашуудан Ара-Бел жана Буркан суулары башталат. Барскон - Акшыйрак автомобиль жолуна жакын (6 км). Ашуу аркылуу Жети-Өгүз районунун малы сыртка ашырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү