Ара-Бел көлдөрү - Тескей Ала-Тоо менен Жетим-Бел кырка тоосунун аралыгындагы Ара-Бел сыртынын батыш бөлүгүндө жайгашкан көлдөрдүн тобу. Көлдөрдүн бири Кичи Нарын суусунун алабына (Буркан көлү), калганы Чоң Нарындын алабына кирет. Суу бөлгүчтүн туу жонундагысы (Арабел ашуусуна жакын) деңиз деңгээлинен 3830 м бийиктикте жайгашкан, аянты 0,007 км2, суунун көлөмү 0,006 млн м3. Эң терең жери 2,5 м. Суусу мол мезгилде көлдөн агып чыккан суу ылдыйкы көлгө куят. Ал деңиз деңгээлинен 3820 м бийиктеги морена чуңкурун ээлеп жатат. Узундугу 0,5 км, туурасы 0,3 км, аянты 0,115 км2, суунун көлөмү 0,751 млн м3. Эң терең жери 18.5м. Көлдөн суу агып чыгат. Кар суулары менен толукталат. Көлдүн түндүк-чыгыш бөлүгүнөн морена бөгөтүн жиреп агып чыккан суу андан төмөнкү көлгө куят. Анын түштүк-батыш жээги тик түшүп, мореналардан турат, түндүк-чыгышы жантайыңкы, саздак. Түсү жашыл, тунуктугу 2.5м. Сууда өсүүчү өсүмдүктөр мол, ихтиофауна бар. Көл мөңгүнүн аракетинен пайда болгон. Кийинки көл 3800 м бийиктикте, экинчи көлдөн 700 м чыгыш тарапта. Көл моренанын оёң жеринде жайгашкан. Узундугу 1,2 км, туурасы батыш бөлүгүнүкү 350 мге чейин. Аянты 0,245 км2, көлөмү 0,365 млн м3, эң терең жери 4,5 м. Жогорку көлдөн агып чыккан суу менен толукталат. Көлдөн агып чыккан суу Ара-Бел сууга куят. Жээги мореналар менен татаалданып, таштуу, айрым бөлүгү саздак. Жашыл түстө, тунуктугу 3 м. Мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөрдүн тибине кирет. Бул көлдөн 2 км түштүк тарапта, деңиз деңгээлинен 3910 м бийикте мөңгүнүн аракетинен пайда болгон дагы бир көл жатат. Анын узундугу 0,65 км, эң жазы жери 0,4 км. Аянты 0,193 км2, көлөмү 0,816 млн м3. Эң терең жери 5 м. Жашыл түстө, тунуктугу 3 м. Көл чанагынын формасы жана жээк рельефи өрөөндө мөңгү болгондугун күбөлөйт. Мөңгү тартылганда ордуна көл пайда болгон.

Ара-Бел көлдөрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү