Ара-Бел суу - Ички Теңир-Тоодогу суу, Жаак-Таш (Тарагай) суусунун (Чоң Нарындын алабы) оң курамы. Узундугу 61 км, алабынын аянты 750 км2. Тескей Алатоонун түштүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, батыштан чыгышка Ара-Бел өрөөнү (сырт) аркылуу агат.

Ара-Бел суу
Мүнөздөмө
Узундугу 61 км
бассейндин аянты 750 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Куймалары: Май-Төр, Эгиз-Төр, Сөөк, Кашка-Суу, Чоң Төр, Ит-Тиш. Июнь айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 4,75 м3/сек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адабият түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2