Арбактарга сыйынуу - диндин алгачкы формаларынын бири, өлгөн ата-бабалардын арбагы тирүү урпактарынын турмушуна таасир берет деп ишенүү жана аларга багыттап курмандык чалуу. Арбактарга сыйынуу энелик (матриархат) уруктук коомдо өнүккөн. Үй-бүлө башчыларына, урук аксакалдарына баш ийүү, алар өлгөндөн кийин арбагы үй-бүлөлүк уруктук сыйынууга айланган. Алгачкы жамааттык (общиналык) коомдун бузулуу процессинде жалпы уруулук жана жалпы элдик жол башчылардын арбактарына сыйынуу пайда болгон. Уруулардын башчыларына көзү тирүүсүндө эле Кудай катары сыйынышкан, алардын ата-бабаларын өзгөчө күчкө ээ деп түшүнүшкөн (Полинезия, Түштүк Азия, Батыш Африка ж.б.). Ошол эле мезгилде үй-бүлөлүк уруктук арбактарга сыйынуу сакталып калган жана таптык коомго да өткөн. Ал байыркы гректердин, римдиктердин, славяндардын ж.б. элдердин политеисттик диндеринде көрүнүктүү орунду ээлеген, Кытайда Конфуцийдин (Кунцзы) окуусунун негизин түзгөн. Илимий адабиятта арбактарга сыйынууга көбүнчө кеңири маани берилип, ага өлгөндөр жөнүндө кам көрүү, тотемдик ата-бабаларга ишенүү, ата-баба катары эсептебеген үй-бүлөлүк урукта пирлерге сыйынууну да киргизишет. Арбактарга сыйынууга кыргыз коомунда байыртадан өзгөчө орун, маани-маңыз берилип келген. Ата-бабалардын арбактарына сыйынуу протоалтай доорунда эле пайда болушу ыктымал. Ата-бабалардын арбактарына арналып кыргыздарда байыртадан элге чоң аштар берилип, алардын арбагына багышта- лып курмандыктар чалынган, ислам дини кабыл алынгандан соң, аларга арналып куран түшүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү