Аргайл — Австралиядагы алмаздын ири кени, Батыш Австралия штатында, Кунунарра шаарынан 120 км түндүк-чыгыш тарапта; запасы жана казып алуу көлөмү боюнча дүйнөдөгү ири кен. 1979-жылы ачылган (дүйнөдөгү кимберлит эмес типтеги түпкү кен), 1981-жылдан ачык түрүндө иштетилет. 2007-жылдан жерастынан казып алуу пландаштырылууда. Калган запасы 170,4 млн карат, кенташтагы алмаздын орточо өлчөмү 2,77 кар/ошондой Кен протерозойдун кыймылдуу зонасында жайгашып, соңку протерозой - алгачкы архей жиреп чыккан жана метаморфизмделген тоотектер оливиндүү лампроит түтүкчөсүндө жатат. Түтүкчөнүн узундугу 2 км, туурасы 500 м (250280 мден 100 мге чейинки тереңикте). Алмаздын сапаты төмөн: зергерлик 5%, субзергерлик 40%, калганы техникалык алмаз; орточо массасы 0,08 карат (ириси 28 карат), орточо баасы 9,5 доллар/карат. Өңү күрөң түстүү (80%ке чейин), калганы сары жана өңсүз (15-20%), сейрек кездешкени кызгылт түстүү (бриллиант массасы 0,95 карат, дүйнөлүк эң кымбат баада сатылган - 900 миң доллар/каратка).

Колдонулган адабияттар түзөтүү