Аргас кенелери (лат. Argasidae) - кан соруучу кенелер тукуму. Демейде кененин дене узундугу 2-13 мм, күңүрт-боз түстө, башы анча чоң эмес, көзү жок. Алар көбүнчө адам жашаган турак-жайда жана мал сарайларда кездешет. Кан менен азыктанат. Ал 30-40 минга чейин кан сорот, тойгон кене кайрадан жерге түшүп тактай жаракаларына, тешиктерге кирет. Аргас кенелери 20-25 жылга чейин жашайт. Алардын 100дөй түрү негизинен жылуу жана кургак райондордо кезигет. Ичкелте оорусун козгойт. Ооруну козгоочу микробактериялар адам денесине кененин шилекейи аркылуу жугат.

Argas reflexus.

Колдонулган адабияттар түзөтүү