Аргындаштыруу – тукум куугучтук касиеттери (генотиби ) боюнча айырмаланган эки организмди катнаштыруу, башкача айтканда бир же бир нече аллелдер же хромосомаларынын саны, же түзүлүшү боюнча айырмаланган организмдерди катнаштыруу. Мында пайда болгон биринчи муун дайым гетерозиготалуу болот да, ал аргын деп аталат. Ар башка тукумдагы, же түрдөгү өсүмдүктөрү кыйыштыруу алыстан А. деп аталат. А. – өсүмдүк жана жаныбар селекциясынын ыкмаларынын бири. Чарбанын пайдалуу белгилери боюнча тандоо жана тандап алуу, ошондой эле жаңы порода, сорт чыгаруу үчүн баштапкы материал болуучу гибрид жана метис, чалыш, аргын алуу үчүн пайдаланылат. А-нун түрдүү системасы бар. Алар тектеш жана тектеш эмес болуп бөлүнөт. Тектеш эмес А-нун түрлөрү: порода аралык (сорт аралык) А., линия аралык А., алыскы теги боюнча А. Мал чарбасында А. жакшыртма А., сиңирме А. өнөр жайлык А-га бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү