Ардак наамдар (Кыргыз Республикасынын) - КРнын Мамлекеттик сыйлыктарынын бири. Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. «Кыргыз Республикасынын Ардак наамдары жөнүндө жобо» КРнын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген. Ардак наамдарды өлкөнүн конституциясына ылайык, өлкөнүн Президенти ыйгарат (КРнын Конституциясы, 46-статья). КРнын төмөнкүдөй ардак наамдар белгиленген: КРнын - эл жазуучусу; эл акыны; эл сүрөтчүсү; эл артисти; эл мугалими (Жобо боюнча мындай наамдарды тиешелүү тармакта «эмгек сиңирген» ардак наамдар бар адамдарга, ошол наамды алгандан кеминде беш жылдын кийин гана татыктууларга ыйгарылат). КРнын - эмгек сиңирген мугалими; билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер; эмгек сиңирген врачы; саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер; эмгек сиңирген артисти; маданиятына эмгек сиңирген ишмер; илимине эмгек сиңирген ишмер; өнөржайына эмгек сиңирген кызматкер; айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер; эмгек сиңирген куруучусу; транспортуна эмгек сиңирген кызматкер; байланышына эмгек сиңирген кызматкер; геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер; калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкер; эмгек сиңирген юристи; эмгек сиңирген экономисти; жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер. «Эмгек сиңирген» ардак наамдар жарандардын эмгектеги жетишкендиктери, жогорку кесиптик чеберчилиги, ошондой эле ошол тармакта кеминде 15 жыл үзүрлүү иштегендерге ыйгарылат (мында бир гана «эмгек сиңирген артист» наамы үчүн 10 жыл белгиленген, ал эми «илимге эмгек сиңирген ишмер» наамы үчүн мөөнөт коюлган эмес). Жарандарды юбилейине карата ардак наамдар менен сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт. Ардак наамдарга көрсөтүү «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүнүн жана аларды тапшыруунун тартиби жөнүндө нускамага» ылайык жүргүзүлөт. Анын белгиленген үлгүдөгү мамлекеттик тилде жазылган төш белгилери бар, алар төштүн оң жагына тагылат. Ардак наамдар кайталанып ыйгарылбайт. Ардак наамдар менен КРнын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар да сыйланышы мүмкүн. Ардак наамдарга татыктуу болгон адамдар КРнын мыйзамдарында каралган тартипте жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү