Ареалдык лингвистика
Ареалдык лингвистика, аймактык лингвистика - тил илиминин тилдик фактыларды лингвистикалык география методу аркылуу аймактык жана тил аралык мейкиндиктин негизинде изилдөөчү бөлүмү. Тилдин карым-катышын изилдөөдө диалектилик фактыларды бүтүн камтуусу менен айырмаланат. Тилдин аймактык өзгөчөлөнүшүн тактоо менен изоглосстук интерпретацияны аныктоо анын негизги милдети болуп саналат. Натыйжада, диалектилердин ареалдык карым-катышы, тилдик жана ареалдык жайланышы, таралышы, байланышы такталат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1