Арка – геогр. объектинин ордун – тоонун артын, сыртты, түн. тараптагы аймакты, тескей бетти чагылдырган түшүнүк.

Кыргыздар айрым тоону – «арка тоо» деп да аташат. Орто Азия, Казакстан м-н Кыргызстанда геогр. энчилүү ат же анын бир компоненти катары кеңири таралган, мис., Арка, Аркалык (Лейлек, Базар-Коргон р-ндагы кыштактар), Кудратарка, Тактарка (Түштүк Уралдагы тоолор), Аркалы, Сарарка (Казакстандагы тоолор) ж. б.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2