Аркароту (Dracocephalum) - өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу, көп жылдык чөп. Тамыр-сабактуу, сабактары 10-30 см, төрт кырдуу, тик же жерге төшөлүп өсөт. Жалбырактары узун же кыска саптуу. Түндүк Америкада, Азияда, Европада кеңири таралган. Кыргнда 16 түрү өсөт. Аркароту - балдуу өсүмдүк. Нектары тунук, түссүз, лимон жыттуу, канттуулугу 60%га жетет. Айрым түрлөрү дары-дармек алуу жана кооздук үчүн өстүрүлөт.

Dracocephalum moldavica.

Колдонулган адабияттар түзөтүү