Аркар оту тамыры (Корень архара) (Animals grass) - сейрек кездешүүчү көп жылдык жапайы өсүмдүк, дарылыкка тамыры колдонулат.

Дениз деңгээлинен 4000-5000 м бийиктикте эшилме кумшагылдуу боорлордо өсөт, бийиктиги 30-35 см. Июнь, октябрга чейин көгөрүп турат. Сентябрь - октябрь айларында казылып алынат.

Түзүлүшү суу кымыздык өңдүү, тамыры сойлоп узун, даамы кыйгыл, жыты керечтин тамырындай жыттуу. Аркар оту менен керечтин жытын айырмалаш кыйын, өңү, даамы менен гана айырмасын билсе болот. Мындан тышкары кереч бөксөдө, суу боюнда болсо, аркар оту бийик тоодо кургак шагылдуу бетте өсөт. Сырткы түзүлүшү менен тамырынын айырмасы чоң.

Керечтин тамыры жумурлуу буралып өсүп, тамырынын даамы ачуу, өнү кара болот. Аркар отунун тамыры узун сойлоп өсүп, тамырынын даамы таттуу кыйгыл, өңү ак түстө болот. Дарылыгы: жалпы организмди калыптандырат, аз кандуулукту, жогору кан басымын калыбына келтирет, организмдин энергиясын тез чыңайт (карыялардыкын). Нерв, ашказаничеги ооруларына дары, сөөктүн жукарышын калыптандырып, кандын курамындагы кантты төмөндөтөт (кант диабети). Даярдалышы: тамырын кургатып, күкүм түрүндө же майда кесинди түрүндө пайдаланат. 300 г сууга 15 г күкүмдү салып, жай күйген отко 15 мүнөт кайнатып, 100 гдан 3 маал тамактанаардын алдында ичилет. Бул бир күндүк норма.

Оорудан сакайгыча колдонсо болот.

Эскертүү: аркар оту жаш курагына карата ичилет. Негизинен коюу маңыз (сироп) жасалып колдонулат. Медицинада колдонулбайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9