Арктикалык раса (эскимос расасы) - монголоид расасынын курамындагы кичи раса. Евразиянын (Камчатка, Чукотка) түндүк-чыгыш зонасында, Түндүк Америкада (Аляска, Түн. Канада) жана Гренландияда (эскимос, алеут, чукча, коряк, ительмендер) кеңири тараган. Арктикалык раса Американоиддик раса, Чыгыш Азия (ыраакычыгыш расасы) тынчокеандык монголоиддер жана Азия (түндүказия расасы) аймактарындагы монголоиддердин аралашуусунан пайда болгон өткөөл раса. Алар булчуңдуу келип, түндүказиялык монголоиддерден шыңга бойлуу, денелери каратору, беттери жайык, эриндеринин калыңдыгы менен айырмаланат.

эскимос (1917).

Колдонулган адабияттар түзөтүү