Армян Совет Энциклопедиясы

Армян Совет Энциклопедиясы (арм. Հայկական սովետական հանրագիտարան) — армян тилиндеги биринчи универсалдуу энциклопедия, 1974—1987-жылдары Армян энциклопедиясынын башкы редакциясы тарабынан чыгарылган[1]. 12+1 томдон турат, Армян ССР илимдер академиясынын президенти В. Амбарцумян. Акысыз «Creative Commons BY-SA 3.0» лицензиясы астында жарыяланган.

Армян Совет Энциклопедиясы
SAE set.jpg
Нукура аталышы арм. Հայկական սովետական հանրագիտարան
Өлкөсү АрмянССР
Тили армян
Темасы Энциклопедия
Жанры илимий-маалымдама
Медианын түрү китеп

Тарыхы

түзөтүү

1964-жылы Армениянын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Армян Советтик Энциклопедиясын чыгаруу жөнүндө токтому кабыл алынган, 1965-жылы армян ССР Министрлер Советинин бул үчүн атайын редакциясын түзүү жөнүндө токтому кабыл алынган[2].

1967-жылы Армян ССРинин Илимдер академиясынын президенти В. А. Амбарцумяндын алдында армян Энциклопедиясынын Башкы редакциясы (азыркы «Армян энциклопедиясы» басмасы) түзүлгөн[3].

Энциклопедия 1974—1987-жылдары жылына бир том болуп чыккан. 1 томдун башкы редактору В. А. Амбарцумян болгон; андан ары ал редакциялык коллегиянын төрагасы кызматына өткөн, ал эми Башкы редактор А. П. Симонян (2–4 Том) жана М. В. Арзуманян (5–13 том) болгон. Энциклопедияны түзүүгө 7200 автор катышкан. Акоп Мегапарт атындагы полиграфиялык комбинаты басып чыгарган[2].

2011-жылы энциклопедияга укуктарга ээ болгон «Армян энциклопедиясы» мамлекеттик коммерциялык эмес басма үйү аны «Creative Commons BY-SA 3.0» лицензиясы боюнча бекер таратууга уруксат берген[4][5].

Түзүлүшү

түзөтүү

12 томдон турат, Армян ССРине арналган кошумча 13-том[1]. 38 767 макала, 15 263 сүрөт жана 858 картаны камтыйт. Ал үчүн түзүлгөн атайын Энциклопедиялык арип менен басылып чыккан[2].

Булактар

түзөтүү