Арпанын Ала-Тоосу, Жаман-Тоо - Ички Теңир-Тоонун түштүк-батышындагы кырка тоошондой Арпа өрөөнүн Алабуга - Нарын өрөөнүнөн бөлүп, кеңдик багытта созулуп жатат. Батышында Фергана тоо тизмегине туташат. Узундугу 110 км, туурасы 16 км. Орточо бийиктиги 4000 м, эң бийик чокусу 4737 м. Тоонун түштүк капталы тик, кыска, түндүгү айдөөш-жантайыңкы. Чыгыш тарабын (Бешталаа, Ортосырт) кайнозойдун борпоң тектери каптап жатат. Тоонун морфоструктурасы - горст-антиклиналь, түштүк жана түндүк этектери тектоникалык жаракалар менен чектешет. Арпа капчыгайы (Кептеш) Жаман-Тоонун батышынан өтүп, аны Фергана тоо тизмегинен бөлүп турат. Тоо девондун аягы - карбондун башталышында пайда болгон, калыңдыгы 1300 мге чейин жеткен акиташ теги, доломит, кумдук, сланец, конгломерат; пермдин 1000 м калыңдыктагы слюдалуу жана полимиктүү кумдук, чополуу сланец тектеринен турат. Ортоңку бөлүгү жана түндүк капталдары мөңгүлүү. Тоонун түштүк капталынан Сокур-Булак, Кожогул, Бураначап, Үч-Арча, Жамандаван, Кошчап-Суу, Арпанын Кашка-Суусу, Борлуу, Миң-Бугу, Кыз-Коргон (Арпанын оң куймалары), түндүгүнөн Ич Кашка-Суу, Сырт Кашка-Суу (Алабуганын куймалары) башталат. Күнгөй беттерине субальп жана альп талаасы, тескей беттерине токой аралаш шалбаалуу талаа жана альп шалбаасы, 3600 мден жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү