Арпатектир тоосуТалас Ала-Тоосунун түндүк тармагы. Түзашуу жана Желдисуу (Үчкошой суусунун сол куймалары) сууларынын аралыгында. Узундугу 25 кмдей. Орточо бийиктиги 2800 м, эң бийик жери 3564 м, тоонун түштүк-чыгыш бийик бөлүгү кырдуу-аскалуу, түндүк-батыш жапыз бөлүгү тайпак; байыркы денудациялык түздүктөрдүн калдыктары кездешет. түштүк-чыгыш капталы Үчкошой суусунун өрөөнүнө жантайыңкы түшөт, түндүк-батыш капталы тик жана кыска.

Тоо соңку рифейдин метаморфизмделген порфирлүү гранит, гранит-диорит, кварцтуу диорит интрузия тектеринен, Талас өрөөнүнө жантайган жапыз бөлүгү төртүнчүлүк мезгилинин (кум, чопо жана башкалар) тектеринен турат. Шалбаалуу талаа (2500 м бийиктикке чейин), бадалдуу шалбаа (2800 мге чейин), субальп жана альп шалбаасы (2800–3400 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; чабынды жерлери бар.

Булактар түзөтүү