б. з. ч. 2-миң жылдыктын ортосуна таандык археол. эстелик. Атбашы р-нунун Арпа суусунун оң өйү-зүндөгү Жалгызүй деген жерден 1944-ж. 2 көрүстөн табылган. Көрүстөндүн диаметри 12–18 м., бийиктиги 0,40–0,60 м. 1-көрүс-төндүн көлөмү төрт чарчы, капталындагы жалпак таштары кырынан орнотулган. Ичинен чопо идиш табылган. 2-көрүстөндөн чоподон жасалган 3 идиш табылган. Экөөнүн бетинде оймосу болгон. Идиштерден тышкары, өрттөп көмүлгөн адамдын сөөк калдыктары табылган. 1945-ж. дагы төрт көрүстөн казылып, алардан өрттөлгөн адамдын сөөк калдыктары табылган. Көрүстөндүн биринин ич жагындагы коргончосунан күлдүн калдыктары, өрттөлгөн адамдын сөөгү, жылдызча түрүндөгү 36 шуру, 2 оюусу жок чопо идиш, 2 коло билерик ж-а шурулар табылган.

Маалымат булактары түзөтүү

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)