Аррениус Сванте Август (19. 2. 1859-2. 10. 1927) - физикалык химия боюнча швед илимпозу. Швед ИАнын мүчөсү (1901), бир топ өлкөнүн академияларына жана СССР ИАнын ардактуу мүчө (1926). Кембридж, Оксфорд, Бирмингем жана башка университеттердин ардактуу доктору, электролит диссоциация теориясынын негиздөөчүсү. Упсал университетин бүтүргөн соң (1882), Стокгольм ИАнын физика институтунда иштейт. 1895-жылдан Стокгольм университетинин профессору, Нобель сыйлыгынын лауреаты (1903). 1905-жылдан Нобель институтунун директору. Электролиттердин суюлтулган эритмелеринин электрөткөргүчтүгүн изилдеп, алардын молекуласы эриген учурда заряддалган бөлүкчөлөргө - иондорго ажырайт деген жыйынтыкка келген (1887). Анын электролиттик диссоциация теориясы - 19-кылымдагы улуу ачылыштардын бири, ал эритмелерди андан ары изилдөөгө негиз берди.

Колдонулган адабияттар түзөтүү