Арсенал (французча arsenal, итальянча arsenale, арабча дар ас-синаа - өнөркана, устакана) - курал-жарак жана ок-дары кабыл алуу, аларды сактоо, каттоого алуу жана аскерлерге таратып берүүгө арналган аскердик мекеме. Арсеналда курал-жарактарды оңдоо, жыйноо, айрым бөлүктөрүн жасоо да жүргүзүлгөн. 19-кылымдын аягына чейин көпчүлүк мамлекеттерде арсенал деңиз жана кургактагы аскерлер үчүн курал-жарактар менен ок-дарыларды чыгарган. Арсенал - заводдордун алдында курал-жарак жана ок-дары сактоочу кампалары болгон. Германияда - Мюнхен, Францияда - Лион, Англпяда - Вулидж, АКШда - Франкфорд жана башка арсеналдар болгон. Россияда «Замбирек куюу үйү» деп аталган Москва арсеналы (Кремлде), 1712-жылы Санкт-Петербургда «Куюу иши жана замбирек жасоо үйү», 1765-жылы Киев арсеналы, 1783-жылы Брянск арсеналы салынган. Кронштадт менен Севастополдо деңиз арсеналы пайда болгон. 20-кылымдын башында курал-жарактарды жасап чыгаруу өнөр жайдын өз алдынча тармагы катары бөлүнүүсүнө байланыштуу арсенал алгачкы маанисин жоготуп, тек гана кампа же база катары пайдаланып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү