Арстанбап өрөөнүЖалал-Абад облусундагы табигый кооз аймак. Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталынан орун алган. Базар-Коргон районунун аймагында, Жалал-Абад темир жол бекетинен 60 км түндүк-батыш тарапта. Деңиз деңгээлинин бийиктиги 1400-2000 м. Жеринин бетп дөбө-дөңсөөлүү, белестүү келип, айрым жери түзөң тартып кетет. Өрөөндүн төрүндө тар капчыгай, корумташ жана палеозойдун акиташ тектүү массивдери бар. Мезозойдун жана палеоген-неогендин кызыл түстүү чөкмө тектеринен турат. Климаты мелүүн континенттик. Түндүктөн соккон муздак абаны Бабаш-Ата кырка тоосу тосуп калгандыктан кышы жумшак, кар арбын жаайт; январдын орточо температурасы -3°С. Жаз эрте келип, жаан-чачындуу. Жайында Фергана өрөөнү тараптан соккон керимсел шамалдын таасири жокко эсе, салкын; июлдун орточо температурасы 20°С. Күзү жылуу, көбүнчө күн ачык болот. Жылдык орточо жаан-чачыны 1000 ммдей; көбү март, май айларында жаайт. Жылдык орточо салыштырмалуу нымдуулугу 54%. Күн тийүү узактыгы жылына 2800 с. Кыртышында чириндиге бай каралжын-күрөң топурак басымдуу. Арстанбап өрөөнү - дүйнөдөгү кайталангыс эң кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаңгак-жемиш токою түзөт. Жаңгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айвансари, алма жана башка мөмө-жемиштер, ошондой эле шилби, итмурун, асамуса, карамарт, ыргай жана башка өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды бийик өскөн шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Суу боюнда терек, тал, чычырканак, балгын жана башка өсөт. Жаңгак токоюнун жогорку чегинде карагай, акчечек, кайың, шилби, табылгы жана башка кездешет. Токойду калыбына келтирүү жана көбөйтүү максатында жаңы көчөттөр отургузулууда. Өрөөн аркылуу Арстанбап суусу агат. Жер бетине чыгып турган акиташ тектүү массивдер майда сууларды бөгөп, шаркыратмаларды пайда кылган. Жаныбарлардан аюу, доңуз, карышкыр, суусар, кашкулак, элик, тоо эчки; канаттуулардан улар, кекилик, чил жана башка көп кездешет. Арстанбап өрөөнүндө Гүмкана токой чарбасы бар, анда жаңгак, мөмө-жемиштер (алма, алча жана башка) жыйналып мамлекетке тапшырылат. Арстанбаптын таза абасы климаттык терапияга жана адамдардын эс алуусуна ыңгайлуу. Арстанбап кыштагынан 8 км түштүк-батыштагы көлдүн акваториясында дары баткактын кени бар; 1975-77-жылы чалгындалган; запасы 20 миң м3. Арстанбап кыштагына жакын пансионат (500 орундуу), ден соолукту чыңдоочу спорттук лагерлер иштейт. Арстанбап кыштагында 16-18-кылымга таандык архитектуралык эстелик - Арстанбап күмбөзү бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү