Арстанбек Абдылдаев

Кыргызстандык саясатчы жана жеке ишкер

Арстанбек Абдылдаев (Арстанбек Алай) — 1968-жылы 28-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районунун Дыйкан айылында төрөлгөн. Саясатчы, жеке ишкер

Арстанбек Абдылдаев
Арстанбек Алай
Төрөлгөндөгү аты:

Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич

Ишмердүүлүк тармагы:

саясатчы, жеке ишкер

Туулган датасы:

28 -апрель 1968(1968-04-28)

Туулган жери:

Дыйкан айылы, Ат-Башы району, Нарын облусу,Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Өлгөн датасы:

5 -январь 2024(2024-01-05) (55 жаш)

Өмүр баяны түзөтүү

Билими: түзөтүү

1986 — Ат-Башы айылындагы №32 атайын кесиптик-техникалык училищасын артыкчылык менен бүтүргөн; 1996-2002 — Кыргыз мамлекеттик университетин экономика адистиги боюнча аяктаган;

Эмгек тажрыйбасы: түзөтүү

1986-1988 — Совет армиясында кызмат өтөп, взводдун командиринин орун басарына чейин жеткен; 1988-1993 — Ат-Башы райондук керектөөчүлөр биримдигинде сатуучу; 1994-2000 — Бишкектеги кыргыз-кытай ишканасынын жетекчиси; 2000-жылдан азыркы күнгө чейин — мунай затын сатуу менен алектенген жана бир канча май куюучу жайы бар "Аурдин" ЖЧКсынын түптөөчүсү жана башкы жетекчиси. Ошондой эле "Эл үчүн" саясий партиясын жетектейт.

Жеке жашоосу түзөтүү

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Кыргыз жана орус тилдерин билет.