Башбаракты ачуу

Арстанбек Буйлаш уулу (1824-1878) - он тогузунчу кылымдагы кыргыздын ч ыгаан акыны, комузчусу жана ойчулу.

Өмүр таржымалыОңдоо

Түндүк Кыргызстандагы Ысык-Көл өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген. Тынымсейит уруусунан.

Атасы Кокон ханы тарабынан Анжыянда тутулуп калганда, Анжыянга чейин барган.

"Заманачылар" салтынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

А.Буйлаш уулунун "Тар заман" ыры терең философиялык ойлорду камтып, кыргыз поэзиясындагы сопулук (суфий) салтты өнүктүрүүдөгү маанилүү баскычтан болгон.

Арстанбектин чыгармалары Совет доорунда цензуралык тоскоолдуктун айынан эл арасында жашыруун аткарылган.

Эгемендик жылдары анын ырларын ээн-эркин жарыялап калышты.

Арстанбек Буйлаш уулу 1824-жылы Ысык-Көл облусунун Сырты аттуу жеринде туулган, 1878-жылы Нарын облусунда каза болуп, Ысык-көлдүн тескейи, Чычкан конушундагы Ташкыя бейитине коюлган. Ойчул, философ, виртуоз комузчу, төкмө акын. «Замана» агымынын эң ири адамдарынын бири. Эл ага «булбул» аттуу атак берген.

Ал бугу уруусунун тынымсейит уругунан болот. Атасы Буйлаш бийдин токолу Төрөкандан төрөлүп, кой-козу кайтарып өсөт. Ушундан улам анын чыгармаларында турмуш-тиричилик жагдайлары жонокой адамдардын көз-карашынан чагылдырылган.

Арстанбек ырчы катары 16га чыкканда элге тааныла баштаган. Ал Фергана тарапта бир жылга жакын убакыт жүрүп, Наманган жана Анжиянды аралап, көптөгөн ырчы, комузчулар менен беттешип, акындык өнөрүнүн артыкчылыгын даңазалап, туулган жерине чоң ырчы атыгып кайткан. Акындын чыгармаларын жыйноо маселесине 1920-жылы көңүл бурулуп, 1922-жылы Каюм Мифтаков Каракол жана Нарын уездинен жыйнап келип, ИАнын Колжазмалар фондуна өткөргөн, азыр да сакталып турат.

Арстанбектин чыгармачылыгында олуттуу теманы заман ырлары түзгөн. Чыгармаларынын чордону деп эсептелген «Тар заман» да үзүндү түрүндө колго тийген, көптөгөн, санат термелери белгисиз бойдон калган. «Тар заман» акындын турмуштук, социалдык жана коомдук көз карашынын натыйжасы болуп саналат. Айтылган чыгарма бир учурда эмес, болжол менен 1852-1870-жылдары түзүлүп, калыптанган.

«Тар замандын» өзүнө таандык обону, комуз күүсү, аткаруу манерасы, кайрык-кайталоолору бар. Бирок форма жагынан дидактикалык чыгармага окшоп турганы менен өз алдынча жанрдык өзгөчөлүккө ээ. Бекеринен «кара ыр» аталып жүрбөсө керек. Санат, терменин чегинде калбастан, мазмуну, камтыган объекти кеңири, замана заңы, калктын келечеги сыяктуу коомдук, социалдык маселелерди козгоп, терең ой жүгүртүшү менен айырмаланат.

Арстанбектин чыгармачылыгынын күрдөөлдүү, көркөм өнөрдүн эң бийиктикке көтөрүлгөн учурун падыша өкмөтүнүн бийлиги кыргыз жергесине орногон мезгилде жараткан чыгармалары түзөт. Алсак, «Тар заман» - акындын турмуштук жана социалдык көз-карашынын жыйындысы, автордун өз позициясы. Арстанбектин чыгармачылык мүмкүнчүлүгү зор, мазмун-жанрдык жагынан ар тармактуу. Ал арман, кошок, терме, санат, керээз сыяктуу ар кыл тармактагы ырларды, поэмалардын автору болгон.

"Арстанбек Буйлаш уулу" айтыш өнөрүнүн да ири устаты болгон. Чыгармачылык багыты боюнча нускоочу ырчылардын катарына кирет. "Кожожаш," «Төштүк», "Бердикожо жалгызым", «Чоро» («Шоро»), «Беш казак» окшогон эпос-поэмаларды, «Көкөтөйдүн ашын» чебердик менен аткарчу деп айтышчу экен. Бирок, анын аткаруусундагы эпикалык чыгармалардын бири да бизге жеткен эмес. Ал 500гө жакын күү чертип, анын 200гө дейреси өзүнүн төл чыгармасы болгон деген кеп бар.

«Арстанбектин арман күү», «Кербез», «Солтон сары», «Кет бука», «Ат чубатар ботой» аттуу залкар күүлөрү чоң комузчулардын репертуранынан орун алган. Көптөгөн кыргыз жана казак ырчы, ошондой эле комузчулары менен беттешип жеңип чыккан. Кыргыз маданиятынын тарыхындагы Арстанбектин мурасы зор из калтырган. Ал чыгармачылыгы менен замандаш жана кийинки (19-кылымдын аягы - 20-кылымдын башталышы) кыргыз айтыш акындарына жана күүчүлөрүнө зор таасир калтырган.

Анын улуулугу - өз мезгилинин курч маселелерин козгоп, элдин тагдырын, келечек турмушун, коомдун социалдык абалы жөнүндө терең ой жүгүртүүсүндө болгон. Тилекке каршы, залкар адамдын чыгармачылыгы эскичил ырчы катары сындалып, изилдөө алкагынан четке кагылып, чыгармалары жыйналбай, акын туура баасын албай келди. Залкар ырчынын мурасына кайрылуу 1990-жылы гана колго алына баштаган.

Пайдаланылган адабияттар:Оңдоо

  • Кебекова Б. Кыргыз эл ырчыларынын очерктери. – Б., 2009.
  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.
  • Алагушев Б. Кылымдардын кылдары: (Элдик аспапчы шайырлардын чыгармачылыктарына арналган очерктердин түрмөктөрү) / Жооптуу ред. Ө. Шаршеналиев; сүрөтчүсү Р. Исаков. – Бишкек: Шам, 2005. – 508 б., сүрөт. – ISBN 9967-10-223-3. – Б. 38-53.
  • Алагушев Б. Арстанбек // Жаңы Ала-Тоо. – 2009. - № 2. – 221-232-б. – URL: http://bizdin.kg/elib/jurnaldar/ala-too/2009-2/alagushov.pdf

Интернеттеги шилтемелерОңдоо